«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине кош келиңиз

ОРДОЛУУ ОШУМ... СУЛАЙМАН-ТОО—ОШ ЖҮРӨГҮ

ОРДОЛУУ ОШУМ... СУЛАЙМАН-ТОО—ОШ ЖҮРӨГҮ

5-октябрь—Ош шаарынын күнү! Ош - 3000 жылдан ашык тарыхы бар байыркы шаар. Кыргызстандын ордолуу шаары. Өнүп өсүү жолунда. Шаардын жашоочуларынын катары артууда. Шаар көркү да ажарланып барат. Жыл сайын шаар күнүн өткөрүү салтка айланып калды. Быйылкы жылы да бул күнгө карата бир топ иш чаралар каралган. Анын алгачкылары башталды. Жазма акындардын Ош шаары тууралуу ыр сынагы болуп өттү. Анын жеңүүчүлөрү аныкталды. 4-октябрда Оштогу С.Ибраимов атвндагы улуттук драма театрында төкмө акындардын айтышы башталып олтурат. 5-октябрда болсо шаар күнүнө карата дагы бир канча салтанаттуу иш чаралар белгиленген.

Ош шаары деп аталып калышына этимиологиялык кандай аталыштар себеп  болгон? Оштун жаралышында элдин оозунда кандай уламыштар, мифтер, болмуштар айтылып келгендигин бүгүнкү оштуктар билишеби? Ош шаарындагы  №30-орто мектептин тарых мугалими Кеңеш Казакбаев мындай таржымалды айтат. Аны мисал келтирели.

Байыркыдан бизге белек катары сакталып, ушул күндөрдөгү аска бетиндеги  «сүрөт галереялары» бүгүнкү күндө Оштун Сулайман-Тоосунда гана эмес, шаарыбыздын түндүк-батышында 5-6 чакырым алыстыкта көрүнүп турган Сүрөт-Ташта (Көрпө-Таш деп да аталат). Аравандын Чил-Устун тоосундагы сүрөттөр  тарых күүсүнүн жаңырыгы сыяктуу көргөн адамга ынтызарлык сезимди  ойготоору талашсыз. Нил дарыясынын жээктеринде египет фараондорунун  буйруктары боюнча тартылган ташка баткан элестер сыяктуу эле Сулайман-Тоо  аска беттериндеги сүрөттөр керемет эстеликтер катары сакталып, рухий  энчибизге айланып олтурат.

Аска  беттериндеги  сүрөттөрдүизилдеген окумуштуулар атап жүрүшкөн «асмандан түшкөн  аргымактар» суу ичкени чубалжышып түшүп бараткан жылкылар мүйүздөрү аркайган  аркар-кулжалар, жаасын кере тарткан аңчылар, шуулдап  учкан жебелер, эң  кызыгы петроглифтерде дөңгөлөктөр, ай, жылдыз  элестери  таш бетине тартылган. 

Эми шаардын аталышынын этимологиялык жагына   кайрыла турган  болсок, Ош шаарынын  алгачкы аталышын  бул аймакты  эң  байыркы  учурда  мекендеген гуздарга же  сактардын дооруна  байланыштырышкан. Ош деген  аталыштан окумуштуулар көпчүлук  учурларда   айланып  өтүшкөн. Ош шаарынын тарыхын  кыйладан бери изилдеп жүргөн  А.Алымбаев «Ошту байыртан бери байырлап келишкен  огуздар негиздешкен» деген ойду айтып келип  шаардын  аталышы байыркы  Иран, Туран элдеринин  тилинде  өгүздү  (ыйык  буканы) түшүндүрөт  деп,  андан  ары «гош»,  «ыйык бука» (же тотем) тилден  тилге өткөндө  өзгөрүлүп  айтыларына токтолот. Анан  да огуз элдеринде (түрк  элдеринде) уйду  көбүнчө  «хош», «өш»  деп  айдашат  деп  өз пикирин  бекемдейт.

Ал эми Оштун  түптөлүшү  жөнүндө  уламыштардын  көптөгөн  варианттары айтыла  калып  жүрөт. Ошондой  уламыштардын  биринде  мындай деп айтылат. Бир заманда Сулайман  пайгамбар өзүнүн көк  өгүзүн жонуна чоң ташты жүктөп  алып, күндөп-түндөп жол басып  бул жакка келет. Эчен күн суусуз чөлдөрдөн  өткөн өгүз буркан-шаркан агып  жаткан  дарыяны кечээр  алдында  жумурун суулап  алганы  суудан шимирип, агып   жаткан  сууну соолутуп  таштайт. Ичине  кирген суусу менен баса албай ынтыккан, үстүндө  көтөрүп  турган ташы кошул-ташыл  болгон өгүздү Сулайман пайгамбар  «өш, өш»  деп  чапкылайт. Очорулган  өгүз  үстүнөн  ташты  пайгамбар  оодарып  салат, бул жер ошондон  тартып Ош  деп аталып, оодарылган  таш  Сулаймандын ташы  болуп, ал жер  сыйынуучулардын  ыйык  жайына айланган  деген  түшүнүк  жашап  келет.  Дагы бир легендада  болсо, ушул  жерде  дыйканчылык  кылып  жаткан  бир  адамдын  жерди айдоо  учурунда  өгүз  чарчап, аны  тургуза  албай  жаткандыгын жолоочулар  көрүшөт. Алиги  дыйкан өгүзүн «хош» деп  чапкылайт. Кийин  ошол  жер айылга  айланганда, ары-бери ушул аймакка  байланыштуу  бир  нерселерди сөз кылышкан «баягы бир адам өгүзүн, хош- хоштон» тургуза  албай  жаткан  жерде (түрк элдеринде кара  малды «хош, ош» деп айдашат) деп айтып жүрүшүп, анан  ушул  жер «Ош» деп айтылып кетет.

Ал эми Манас эпосунда болсо Ош шаарынын  түптөлүшү Манастын  өзү  менен  байланыштуу  экендиги  баяндалат. Манасчы  Кадыраалынын  варианты боюнча Оштун  шаары  болуп калышы  Манастын койчусу Ошпурга байланыштуу экендигин айтат. Анда  мындай  деп  айтылат: элин  Алтайдан Ала-Тоого  көчүрүп  келген  Манас  Отуз-Адырды  аралап, Анжиян  тарапка  баратып  жолуккан  дарыяга  кечүү  тандабастан  салып, Аккуласы  менен агып  барып  аркы  өйүзгө  чыгат. Жээкке чыкканда Манас дарыянын буура сымал мүнөзүн байкап, ага Ак-Буура деп ат коет. Кадыраалы  манасчы  муну:

«Көрүнгөн менен аз гана,

Кирет экен буурадай.

Аты  жок ушул дайраны

Ак-Буура десек  туурадай» деп  айтат.

Манас  дарыядан (Ак-Буурадан ) өтүп эс алып  турса, тоо тараптан  кой  жайып  жүргөн  Ошпурду  көрөт. Ошондо  Ошпурга  карай  тоо тараптан  жылып  түшүп  келаткан  жолборсту  көрө  калып  «тийбе  шерим, тийбегин, ой, ой, чапчып  ийбегин»  деп  бакырат . Аман  калган  Ошпурду  жанына  чакырып,  «ушул  жерге  калаа  кур»  деп айтат. Бул  манасчы  тарабынан  минтип  баяндалат.

Ойчул  абаң,Ошпурум,

Ойлогону эп экен.

Асмандаган Керме-Тоо,

Батышын тоскон чеп экен.

Көмөктөшүп  Ак-Буура,

Чыгыш  жагын  кылган  тоо.

Түндүгүн  менен  түштүгүн,

Өмөлөп  койсо  чеп  экен.

Ошпур  курган бул  калаа,

Өз  атына  Ош  болсун.

Ал  эми  орто  кылымдардын  баш  ченинде Ош  шаарынын  аталышына  «кент» (Ошкент)  уланып, Орто  Чыгыш  өлкөлөрүнө  таанымал  болгондугун  кийинчерээк,  айрыкча  ислам  дининин  жайыла баштаган  учурдагы  шаардын  таржымалы  тарыхын да  сөз  кылууга  арзыйт. Ошентип Ош миң  жылдан  ашыгыраак  мезгилге  созулган  орто  кылым доорундагы  согуш майданындагы кармаштарда  колдон  колго  өтүп, бирок өзүнүн шаардык  турпатын сактап гана  калбастан, өз  жашоосун  улантып да  келген.

Ош шаары б. з. ч. 4-к. – б. з. 5-к-да шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. 8–10-к. Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган. Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет. Ош шаарынын 13-к-дын башында [Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]] аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший,өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет: «Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун». 14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана о.эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),, Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленди. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.

Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырымдай. Калкы 300 миңден ашык. Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.

Ош шаары тууралуу 10 тактама бар. Маанилүү бул маалыматтарды да мисалдап кетели.

1. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин, 1876-жылы шаар деген расмий макамды алган.

2. Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат.

3. Ош шаары туурасындагы уламыштарда дүйнөлүк тарыхтын эки каарманы – Сулайман (байыркы израилдик Соломон падыша) жана Искендер Зулкарнайн (грек башкаруучусу Александр Македонский) камтылат.

4. Сулайман тоонун так жана толук аталышы – "Сулайман тактысы". Шаардын чок ортосунда жайгашып, экинчи Мекке деген бейрасмий аты бар.

5. Калаанын аталышынын жаралыш тарыхы туурасында окумуштуулар да бир пикирге келише элек. Бирок эл арасында Сулайман падыша алгач келгенинде "хош" шаар деп баалагандыгы, ошондон улам кыргызчаланып Ош деп аталып калганы айтылат. Бул сөз түрк тилинде "кооз, сонун" деген мааниде. Ошондой эле азыркы Ош шаары жайгашкан жерде биздин доорго чейинки I кылымда Даван мамлекетинин Гуйшан деген баш калаасы болгон. Ош калаасы балким, ошол шаардын аталышынан да калган болушу ыктымал.

6. Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгон. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу жибек жолунун ири соода борбору болгон.

7. Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан.

8. Тургундардын расмий саны – 275 800. Калаанын чет жакасындагы тургундарды кошкондо 500 миңден ашат. Шаарга 11 айыл баш иет. Айтмакчы, байыркы Гуйшан шаары да эң жыш жайгашкан калаалардан болгон экен.

9. Ош шаарынын ордени да бар. Мындан туура 16 жыл мурунку туулган күнүндө "Данакер" орденин "тагынган". Мамлекеттик сыйлык өлкөнүн экинчи борборуна 2000-жылдын 4-октябрында президенттин атайын буйругу менен берилген.

10. Ош шаарына "бир тууган" калаалар болуп Россиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Кытайдын Үрүмчү, Синин, Ланчжоу, Фошан, Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Амасья, Самсун, Тажикстандын Худжанд жана биздин өлкөдөн Каракол шаары саналат.

Ош шаары кандуу калабаларды да башынан өткөрдү. 1990 жана 2010-жылы чагымчылардын уюштурганынан  кайгылуу окуялар жүз берген. Ал  кандуу окуялар  Оштун гана эмес, бүт Кыргызстандын элине сабак болду. Ар бир адам тынчтык менен ынтымактын баасын сезди. Эрездешкен элдин башы биригип, бейпилчилик орноп, кайрадан гүлдөгөн калыбына, ак калпагына, ала топусу аралашкан заманга бара жаткандай туюлган заманга кадам койдук... 

Мезгил күлүк токтобос жок жүгөнү,

Мээлегенин кыйраткан октун өзү.

Сыр бербеген заманга 3000 жылдык,

Сулайман-Тоо түбөлүк Ош жүрөгү.

Зоболосу кылымдар улуу болгон,

Сулк жыгылып кан жуткан күнү болгон.

Зор Сулайман пайгамбар эчак өтсө,

Сулайман-Тоо дагы эле тирүү бойдон.

Баарын... баарын имерип таңды баштап,

Сырын кошо тургансыйт ал кучактап.

Башка тоолор салкынга жылып кетсе,

Сулайман-Тоо кетпеген шаарды таштап.

Кулата албас эчен жаан, кургакчылык,

Кылган мезгил өзү Ошко сырдаш кылып.

Макамы зор Сулайман-Тоого дайым,

Мажүрүм тал ийилет урмат кылып.

Ак көбүгүн силкинтип талаа тарап,

Аруулук сээп, бүт шаарды шаң аралап:

"Ырыстуу тоо, сен барда биз барбыз" - деп,

Ырдап агат Ак-Буура даңазалап.

Ырды жазса өзүндө Жолон досу,

Рыспайы айрылгыс обондошу.

Ортосунда нур менен жашоо чачкан,

Ош шаарынын өчпөгөн коломтосу.

Мезгил күлүк токтобос жок жүгөнү,

Мелжегенин кыйраткан октун өзү.

Согуп турчу токтобой согуп турчу,

Сулайман-Тоо түбөлүк Ош жүрөгү!-деген ыр саптары менен аяктайлы сөзүбүздү. Бул ырдын автору Иманбек Азизилла уулуна таандык.