«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине кош келиңиз

Ноокат райондук тарых музейи

Ноокат райондук тарых музейи

Ноокат району

Кыргыз элинин жасалга-колдонмо искусствосу байыркы доордо эле калыптанып өнүгүп келген. Анын материалдык негизин мал чарбачылыгынын продуктулары, жыгачты, металлды иштетүүгө байланышкан үй өндүрүшү түзгөн.

Кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү жалаң эле турмуштук зарылчылыкка шартталбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусуна да байланыштуу болгон.

Кыргыздардын оюм чийими алардын турмушун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн чагылдырат. Анын негизинде кочкор мүйүз, сынар муйуз, кыял оюсу, үч булчтук, ит куйрук, ит тырмак, тогуз дөбө, кайкалак жана башка оюм чийимдери күнүмдүк турмушта пайдаланылуучу буюмдарга түшүрүлүп саймаланган.

Шырдак менен ала кийиздер кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили.

Комуз-кыргыз элинин чертме кылдуу байыртадан келе жаткан музыкалык аспабы. Ал негизинен өрүктөн, алмуруттан, карагай-арчадан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан мезгилде дарак кыйылып сомдолот да сууга кайнатылып, ышталат. Комуз баш, моюн, Тулу, чара, капкак, тепкек, уч кулак, уч кылдан түзүлөт. Ал эми кылы эки тиштуу кыргыз койлорунун ичегисинен жасалат.

Андан башка кыргыз элинин чоор, ооз комуз, жылаажын, сыбызгы, добулбас, керней, сурнай өңдүү музыкалык аспаптары да бар.

 

Ноокат райондук тарых музейи боюнча М А А Л Ы М А Т.

Ноокат районунун аймак таануу тарых музейи 1977-жылы октябрь айларында түзүлгөн. Музей башталгыч коомдук түзүлүштөн совет мезгилинин 1985-жылга чейинкисин жана мамлекетибиз эгемендүү болгондон берки турмушун экспозицияда чагылдырып турат. 1981-жылдан бери Ош Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси бөлүмү катары каржылап келе жатат.

2009-жылы 3-октябрь айына райондун 80 жылдык мааракесин өткөзүү бекитилип, 80 жылдыкка тарых музей имаратын куруу демилгеси көтөрүлдү. Музей имараты марафондордон түшкөн каражаттарга бүткөрүлдү. Музей имаратына З млн. 800 мин, (уч млн. сегиз жуз мин) сом жумшалган, ички жасалгаларына 800 мин, (сегиз жуз мин,) сом жумшалды.

1. Экспозиция залы. 132,9м.кв. 23,7 м.кв. фойе = 156,6 м.кв.

2- бөлүм. 2011-жылы толугу менен конференция залы бүткөрүлдү. Конференция залына 1 млн. 175229 (бир млн. бир жуз жетимиш беш миң эки жуз жыйырма тогуз) сом сарпталды. Ички тегерек столдор 121900 (бир жуз жыйырма бир миң тогуз жуз) сом, стулдар 39468 (отуз тогуз миң терт жуз алтымыш сегиз) сом, микрофон аппарат жабдуулары 97000 (токсон жети миң) сатылып келинип орнотулган. Ачылышы 2012-жылы март айында болду. Азыркы күндөэкспозицияда фонддо 1050 дои фото-сүрөт документтер, буюм-теримдер сакталууда.

Аларга: 1. Археологиялык буюмдар-78.

2.  Фото-сүрөттөр-66.

3.  Этнографиялык катуу буюмдар- 131.
4. —жумшак-..................... -   40.

 

5.  Документ фото-сүрөттөр -640.

6.  Живопись- 6.

7.  Тыйындар- 27.

8.  Медаль-значок-6.

9.  Китептер -3.

Ноокат райондук тарых

музейинин директору:-                                                           А. Исаков.