«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине кош келиңиз

Архитектуралык эстеликтер

Архитектуралык эстеликтер

Сулайман-Тоо Фергана өрөөнүнүн Түштүк-Чыгыш тарабында,Кичи-Алай тоо кыркаларынын этегиндеги Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын бири катары таанылган,кеңдиги жана саясий мааниси боюнча  Кыргызстандын экинчи борбору катары таанылган Ош шаарынын дал ортосунда,Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде жайгашкан.Деңиз деңгээлинен 1175 метр,шаардан 175 метр бийиктикте орун алып, узуну 2 км, туурасы 250 метрге жетет.

 Сулайман-Тоонун бир нече аттары бар - «Такты-Сулайман»,  «Азирети-Сулайман», «Сулайман-Таш», «Сулайман-Так», «Сулайман-Тоо» ж.б. Орто кылымдагы жазма булактарда тагыраак айтканда XV кылымда перси тилинде Бара-Кух деп аталып, ал  «өзүнчө турган же кооз тоо» деп аталган. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча эң  алгачкы Гуйшан-чэндин  жазма булактарында  б.з. миңинчи жылдын биринчи жарымында Оштун так ортосунда жайгашкандыгы  айтылып кеткен. Азыркы кундо Сулайман-Тоо деп аталып журөт.Тоо тарыхый-маданий жана жаратылыш эстелиги болуу менен чыгыштан батышты карай созулуп, беш чокудан турат жана ар бири өз алдынча аталышка ээ:

            1. Буура-Тоо-«Төө-Тоо» же Сулайман-Тоо. Акыркы аталышы менен тоонун аты айтылып калган.

            2. Шор-Тоо (туздуу тоо).Чокусу ак болгондуктан ушундай аталышка ээ болгон.

            3. Рушан-Тоо (эң бийик жана жарык) тоонун эң бийик чокусу болуп эсептелет.

            4. Тортүнчү чоку Каттама Тоо дагы бир аталышы Кекилик учар деп аталат.

            5. Ээр-Тоо же болбосо Келинчек тоо.

Тоого чыккан зыяратчылардын көңүлүн тоонун тарыхый-маданий жерлери өзүнө бурат:

            1. Баш-Таш-амандыкты тилөөчү оюк таш, эгерде ниет кылып,башын үч ирет салып сыйынса баш оорудан айыгат дешет.

            2. Бешик-Таш-бала корбогондор жана баласы турбагандар бала тилеп сыйынышкан.

            3. Такты-Сулайман мечити Бабурдун үйү, Ак үй бир камералуу мечит . Тоонун биринчи бийиктигинен орун алган XVI-кылымга таандык архитектуралык  эстелик1963-жылы атейистер тарабынан бузулуп,кайрадан рестоврацияланган.Пайгамбардын намаз окуй турган жайыболгон.Сулайман пайгамбар намаз окуп жатканда бул жерге тизесинин издери калган делет. «Кимде ким Баракухтун үстундогү мечитте намаз окуса сообу чон»-деп айтылат. Жергиликтүү элдер Сулайман-Тоосунда Бабурдун жайкы резиденциясы болгондугун айтышып, бүгүнкү күндө өжүрөнү Бабурдун үйү деп аташат.

            4.Бел таш - келүүчүлөрдүн көңүлүн бурган ыйык жер. Адамдардын далылары менен сүрүлүп түшүүсүнөн жалтыраган таш, элдик ишеним боюнча бул таш бел оорудан айыктырат. Бел таш мурун курмандыкка чалуу ритуалы аткарылган аянтча болуп эсептелген. Анткени таштагы нук мал сойгондо канын агызууга ылайыкташтырылган. 5-7 жолу сыйгаланып түшсө, бөйрөк, бел ооруларынан айыгат дешкен.

            5.Чака тамар-Сулайман-Тоонун түштүк тарбында жайгашкан, «Чака -тамар» же «Тамчы Тамар» деп аталат. /ңкүрдү эл арсында ыйык деп санап ичиндеги таштан араб арибинде жазылган китепти кармап сыйынышкан. Ичи тар болгондуктан, сойлоп гана жүрүүгө болот. Үңкүрдүн чыгышында өтө чоң эмес айбанча жайгашкан, айбанчаны кол менен сылоодон, төрөбөгөн аялдар дарыланышат деген түшүнүк бар.

            6.Бешик эне - анча чоң эмес үңкүр, чакатамардын жанында жайгашкан. Бала көрбөгөндөр жана баласы турбагандар бала тилеп сыйынышкан.

            7.Кол таш- Умай эненин колу деп да айтылат. Кол ооруларды айыктыруучу жана береке берүүчү таш деген ишеним бар.

            8.Кылкөпүрө-күнөөсү жок адамдар гана өтө алуучу тоо бетиндеги жол. Андан өткөндөр күнөөдөн арылып бейишке чыгат деп түшүнүшкөн.

            9.Кайып мазар (корүнбөгөн же жоголуп кетүүчү мазар)-биринчи чокунун түндүк тарабында жайгашкан.

10.Жарыл-Таш-экинчи чокунун түштүк тарабында, мусулмандардын мүрзосүнө жакын жайгашкан.Жарыл-Таш өгөй энеси капа кылган жаш баланы(башка вариантта кызды ) жутуп коюп,кайра кайтарып бергендиги  тууралуу уламыштар бар.Бүгүнкү күндө ал жер куран окуучу жайга айланган.

11.Жаннат-Арык (бейиштеги арык) түштүк чыгыш тараптан башталат. Ал арык элдердин түшүнүгү боюнча ыйык болуп эсептелет.Суунун тазалыгы жана айланасы жапжашыл кооз болуп тургандыктан бейиштин бир бурчуна окшотушат.Бул жөнүндө акын, саясий ишмер М.З.Бабур өзүнүн «Бабур наме» чыгармасында да жазып кеткен.Азыркы күндө анча мааниге ээ болбой келет,бирок жергиликтүү калк анын кайрадан жаныланышынан үмүтүн үзбөй келет.

12.Хур кыз –(үр кыз) үңкүрдүн таштуу боорлору саймалап койгондой кооздугу менен кызыктуу. Уламыш боюнча бул үңкүрдө ыйык перилер жашап, кээде адамдардын өтүнүчтөрүнө жооп берип, кээде өздөрү да көрүнүшөт- деп айтылган түшүнүктөр бар.

            13.Чилтенкана же Кырк бир чилтен үңкүрү- тоонун экинчи бийиктигинде жайгашкан. Бул үңкүрдү ыйык үңкүр деп айтышат. /ңкүрдүн үч эшиги: түндүктөн, батыштан жана түштүктөн кошулган жеринде кеңири төргө барып такалат да, төрдөн туюкка барып такалуучу төртүнчү үңкүргө кетүүчү жол бар. Сулайман-Тоонун 3-бийиктигиндеги элге кеңири белгилүү болгон үңкүрдүн боорлорунда күндүн , жаныбарлардын  сүрөттөрү тартылган.Байыркы элдердин ишенүүсүнө карганда ушул үңкүрдөн Меккеге карай кетүүчү жол бар.Анын ичи сыйынуучу жайга айланган.Азыркы учурда кээ бир адамдар дареги дайынсыз  жоголгон туугандарынын табылып калышын тилеп,сыйынып кетишет .

14.Эшен үңкүр – (Имам-үңкүр, Тешик -Таш, Ишен -үңкүр) үчүнчү чокунун чыгыш тарабында жайгашкан. Түштүк жана чыгыш тараптан чыгуучу жол бар. Бул мусулмандар ыйык туткан жай. Уламыш боюнча, бул үңкүрдө  Кийик эшен того зыярат кылганда жашаган жер деп айтылат. Анын ылдый тарабына кара таштын алдына анын сөөгү коюлган.

15.Рушан үңкүрү  -  «Жарык үңкүр», үңкүрлөрдүн ичинен эң чоңу болуп эсептелет. Тоонун 3-чокусунда жайгашкан. Кирүү түштүк тарабында жайгашкан. Азыркы учурда бул  жерде музей курулган жана ал үңкүрдүн табигый түзүлүшү бузулган эмес. Жогорку бөлүгү Кыдыр Алейки салам деп айтылат.

16.Рават Абдуллахан мечити – архитектуралык курулушу XVI-кылымга таандык. Бүгүнкү күндө Оштогу эң эски мечиттердин бир болуп саналат. Орто кылымдагы мончодон алыс эмес жайгашкан. XVI кылымга таандык булл эстелик алгач шаар четиндеги мечиттин милдетин аткарган. Бул мечитте зыярат кылып намаз окуса сообу чоң деп эсептешкен. Мечиттин көлөмү бүгүнкү күнгө чейин сакталган. Курулуш маданияты төмөндөгөн мезгилде курулганына карабай, өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Негизинен 3 борбордук жана 2 четки бөлмөлөрдөн турат. 60-жылдарга чейин сакталган мечиттин порталы, жанына музейдин имаратынын курулушу менен бузулуп кеткен.

17.Асаф ибн Бурхия – күмбөзү, архитектуралык курулушу Сулайман-Тоонун түштүк-чыгышынан орун алган эстеликке байланыштуу кызыктуу уламыштарда Сулайман пайгамбардын вазири  Асаф ибн Бурхия жарык дүйнө менен коштошордо сөөгүмдү Сулайман-Тоонун этегине койгула деп керээз калтырган деп айтылат. Чындыгында мындай күмбөздөрдү куруу Фергана өрөөнүндө XVII-XX кылымдарда кеңири таралган. Изилдөөлөр күмбөз мурунку доорлордо курулган курулуштун үстүнө тургузулгандыгын көрсөткөн. Археологиялык казуулар учурунда окумуштуулар эстеликтин ичинен XI-XII кылымга таандык кирпичтен кооздолуп салынган сагананы(мүрзөнүн үстүнөн орнотуулучу курулуш) табышкан. Сакталып калган сүрөттөрдүн жардамы менен күмбөз реставрацияланган. Асаф ибн Бурхия – күмбөзү Ош шаарынын көрүнүктүү тарых жана маданият эстеликтеринин бири болуп эсептелет.

18.Мухаммед Юсуп Байхожо уулунун мечити ( Бакый мечити )Алебастрова кочосү менен Алишер Навои кочосүндо жайгашкан.XX кылымдын архитектурасына таандык.Бул мечитке да Рават Абдуллахан мечитиндей зыяратчылар кирип турушат,кобүнчө диний майрамдарда. Урматтуу корүүчүлөр,эсиниздерге салабыз,сиздер ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген, 3000 жыл толгонСулайман-Тоодо турасыздар.Ага урматтоо менен сый жана аяр мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз!!!