«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине кош келиңиз

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин экспозициясынын кыскача обзордук текст экскурсиясы.

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин экспозициясынын кыскача обзордук текст экскурсиясы.

Сулайман-Тоо УТАМКне куш келипсиздер! Музей 2000-жылы 4-октябрда Оштун 3000 жылдыгына карата ачылган. Проекттин автору архитектор А. Каримов. Экспозициянын түзүлүшүндө көптөгөн художниктер, дизайнерлер, илимий кызматкерлер жана экспозиционерлер катышышкан.  Экспозиция жаратылыш бөлүмү менен ачылат.  Жаратылыш бөлүмүндө Түштүк Кыргызстандын флорасы жана фаунасы ошондой эле административдик картасы чагылдырылган. Северцов, Мушкетов, Федченко сыяктуу орус окумуштуулары жана изилдөчүлөрү. Экспозицияда ажайып жерлер: Сары-Челек көлү, Тянь-Шань тоолору, Нарын дарыясы көрсөтүлгөн.  Биздин аймакты изилдөөчүлөрү: М.М. Адышев,       К. Матикеев, Б.А. Токторалиев. Токторалиевдин уникалдуу коллекциясы: омурткасыздар дүйнөсү. Түштүк Кыргызстандын рельефи, минералдар, монолиттер, курулуш материалдары жана жарым кымбат баалуу таштар көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөргө кызыгууну туудурган кен байлыктар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн карталары да берилген. Токой фондусунун картасы: Түштүк Кыргызстанда токойлор жаёгак, арча жана аралаш болуп бөлүнөт. Түштүк Кыргызстанда 300дөй дары чөптөрдүн түрлөрү бар. Ошол дары чөптөрдүн кээ бир түрү экспозицияда көрсөтүлгөн. 

Экспозициялык залда жылдын 4 мезгили чагылдырылат: жаз, жай, күз жана кыш. Түштүк Кыргызстанда корук зоналары, улуттук парктар көп. Айгүл таш коругунда жаз мезгилинин көрүнүшү. Өтө сейрек кездешүүчү Айгүл гүлү дүйнөдө 3 гана мамлекетте Пакистанда, Иранда жана бизде Кыргызстанда өсөт.

Кара-Шоро улуттук жаратылыш паркындагы жай мезгилинин көрүнүшү. Сары-Челек коругундагы күз мезгили жана Чоё-Алай районундагы Абшыр-Сай коругундагы кыш мезгили. Бул диараммада илбирс, сакалдуу жору, бүркүт жана ыйык куш – улар. .

            Кызыл китепке киргизизлген сейрек кездешкен өсүмдүктөр жана жаныбарлар картасы. Экологияга арналган бурч жана экологияга болуп жаткан терс мамилелер жөнүндө сүрөттөр.

 Мындан ары экспозиция тарых бөлүмү менен уланат. Тарых бөлүмүндө адамзаттын коомундагы эё узакка созулган таш доорунан биздин күнгө чейинки тарых чагылдырылат.

Биринчи, бизге белгилүү болгон, адам баласынын сөөгү палеолит дооруна тиешелүү болуп (б.з.ч. 800-100 миё жыл), Тешик таштан табылган.  Таш кылымы өзүнө 3 доорду камтыган:

·         Палеолит

·         Мезолит

·         Неолит

Таш дооруна тиешелүү болгон турак жайлардын бири – Сел-/ёкүр (б.з.ч. 1,5-2млн жж.) Баткен облусунда Айдеркенде жайгашкан.

Таш кылымы коло кылымына өтүп б.з.ч. III-II миё жылдыктарды өзүнө камтыйт. Бул жерде Чуст маданиятындагы отурукташкан  калктын коло кылымынан темир кылымынын ортолоруна чейин өнүгүүсү байкалат. Коло доорунда 3000 жыл мурда Сулайман-Тоонун  этегинде Ош кыштакчасы пайда болуп, бир канча чуёкурчалар гана биздин күнгө чейин сакталып археологдор тарабынан табылган.

Саймалуу-Таш галереясы деёиз деёгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашып, бул жерде жүз миёдеген аёчылык, жер айдоочулук, ритуалдык бийлер жана жаныбарларды курмандыкка чалуу сыяктуу сүрөттөр чагылдырылат.

            Темир кылымы 3 доорго бөлүнөт: Эйлатан б.з.ч. VII-IV кк., Шоробашат б.з.ч. IV-I кк., Мархамат I-IVкк.

            Белгилүү тарыхчы Заднепровский Фергана өрөөнүндөгү мамлекет –Кушан чебин изилдеген. Кыргызстандын түштүгүндөгү отурукташып дыйканчылык менен алектенген калктын картасы.  Түрк урууларынын доору жана байыркы Энесай кыргыздарынын каганаты. VII к. аягындагы ташка чегилген Орхон-энесай жазуусу. Ак-Буура шаарчасы V-VIIIкк. жана Орто кылымдардагы мончо X-XIIкк. Мончо археолог Б. Аманбаева тарабынан изилденген. Улуу Жибек Жолунун карта-схемасы – байыртадан бери маанилүү соода артериясы.

            Экспозиция залдын ортосунда Сулайман-Тоонун макети, жогоруда асман, жылдыздар жана жыл сүрөсү.

            XIIIк. Чыёгызхандын Орто Азияга жасаган жоортуулу жөнүндө карта. Тимуриддер мамлекети, жана Улуу Монолдор мамлекетинин негиздөөчүсү М.З.Бабур жөнүндөгү маалыматтар.

XVк. Кыргыз элинин урууларынын аталышы, аскерлери кийген зоот кийими жана айры шыйрак мылтыгы.

Кыргыз элинин тарыхы жана тагдыры жаратылыш жана жаныбарлар дүйнөсү менен тыгыз байланышта болгон. Аёчылык негизги кесип болгон. Мергенчилердин, дыйкандырдын колдонгон буюмдары жана ашкана буюмдары.

XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында Фергана өрөөнүндө жашаган элдердин кийген кийимдери ачык түстө болгон. Тигүүчүлүк, саймачылык, токуучулук колдо гана аткарылган.  Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы – Манас эпосу, ооздон-оозго калып келген. Улуттук музыкалык аспаптар жана оюндар улуттун алмаштыргыс байлыгы болуп саналат.

Кокон хандыгы Кыргызстанда саясий көз карашта жана соода жолунун кеёейүүсү үчүн XIX к. баш ченинде бийлик кылууга алектенген. Кокон  хандыгынын мезгилинде ислам дини кеёири тарала баштаган. Элдик боштондук көтөрүлүшү стихиялуу түрдө болгон, бирок Курманжан Датка орус генералы Скобелев менен келишим түзүп, Кокон хандыгынын бийлигинин аягына алып келди. Курал-жарактардын революцияга чейин жана революциядан кийинки уникалдуу коллециясы. Орустардын биздин жерге көчүп келүүсүнөн  кийин орус-тузем мектептери XVIII к. 2-жарымында ачылган. 1917-ж. революция Кыргызстандагы жашоо турмушту, экономиканы өзгөрттү.

Улуу Ата Мекендик согуш миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен, алардын ичинен биздин да мекендештер болгон. Совет доорундагы саясий ишмерлердин, сурьма комбинаты, шахта, завод, ГЭС жөнүндөгү сюжет.

Космонавтикага арналган бурч. Белгилүү маданият ишмери – Г. Айтиев жана башка Кыргызстандын эмгек сиёирген ишмерлери.

Кыргызстан – көз карандысыз суверендүү мамлекет. 2000-ж.  Ош шаарында «Жаш таланттар» фестивалы өткөн, ошондой эле Ош шаарынын 3000 жылдык маарекеси өткөрүлгөн. Сиздердин алдыёыздарда Ош шаарынын юбилейине карата чет өлкөлөрдөн берилген белектер.