«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине кош келиңиз

Музейдин түзүлүшү

Музейдин түзүлүшү

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси Кыргызстандагы эң ири музейлердин бири. Музейде кыргыз элинин улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтери сакталып турат.

            Музей өзүнүн өнүгүү тарыхында бир нече жолу наамы өзгөргөн

            1949-1978-жылдары Ош облустук аймак таануу музейи;

            1978-1982-жылдарда Ош облустук тарыхый-маданий музейи;

            1982-2004-жылдарда Оштогу бириккен тарыхый-маданий музей коругу;

            2004-жылдын 10-апрелинен баштап «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси деп аталат.

            Музейде 33 миңден ашуун музей фондунун экспонаттары топтолгон. Алар 6694 археологиялык, 3702 этнографиялык, 19852 документтер жана сүрөттөр, 1196 кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикаларды ж.б. камтыйт.

            Музей үчүн атайын типтеги имарат Оштун3000 жылдык майрам күндөрүнө карата курулуп ачылган. Экспозиция 2 бөлүмдөн туруп, 1100 кв.м.түзөт.

            Музей регионалдык болуп, экспозициясы бүтүндөй Түштүк Кыргызстандын жаратылышы менен тарыхын чагылдырат.

            Түштүк Кыргызстандын бийик тоолору, шаркырап аккан дарыялары, жарым адыр талаалары жана жашыл ыраңдуу кооз жерлери, өсүмдүктөр дүйнөсү менен жан-жаныбарларынын ар түрдүүлүгү, географиялык абалынын бөтөнчөлүгү, рельефтик жана климаттык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт.

            Экспозициянын тарыхый бөлүмү адамзат коомунун өнүгүүсүндө эң узакка созулган таш доорунан баштап, Түштүк Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырат.

            Өткөн доор менен азыркыны үндөштүргөн чуст маданияты жана Ош тургун жайы, көчмө дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылган уруулардын маданиятын мүнөздөгөн табылгалар, Фергана өрөөнүнүн калкынын отурукташкан дыйканчылык маданиятынын өнүгүүлөрүн чагылдырган материалдар камтылган.

            Байыркы Ош Улуу Жибек жолунун боюнда өнүккөн шаар. Орто кылымдардагы араб-перс жазууларында Ош бардык жагы коргондор менен курчалган, гүлдөп турган шаар катары баяндалат. Ал Фергана өрөөнүндө чоңдугу жагынан 3-шаар, кол өнөрчүлүктөн жана сооданын ири борбору болгон.

            Өзгөн шаары XI к. башында Караханид каганатынын батыш бөлүгүнүн борбору болгон. Шаардын саясий мааниси өнүгүү менен бирге анын экономикасы жана маданияты кошо гүлдөгөн.

            Экспозициянын так ортосунда жыл сүрүү белгилери, кыргыз элинин философиялык ой-жүгүртүүлөрү, дүйнө таанымы, астрологиялык түшүнүктөрү чагылдырылган. О.э.коомдук ишмер, аскер башчы, мыкты акын, тарыхчы З.М. Бабур жөнүндө да материалдар бар.

            Кыргыз эли көп кылымдык тарыхында өзүнүн эркиндиги үчүн көптөгөн уруш-чабыштарга кириптер болуп, бирде жеңилип, бирде жеңишке ээ болуп өз тарыхын уланткан. 1994-жылы окумуштуулардын илимий конференциясында кыргыз этносунун акыркы этабы Борбордук Тянь-Шанда XV-XVI к.к. болгондугун белгилешет. Кыргыз элинин этникалык топтолуусунда Ислам дини менен эле бирге эле «Манас» эпосу да маанилүү болгон.

            XIX-XX кк. кыргыз элинин жашоосунун турмуш тиричилиги жаратылыш жана мал чарбачылыгына байланышкан. Турак-жай өндүрүш материалдары, кол өнөрчүлүк, прикладдык искусство, зергер менен жыгач усталардын колунан жаралган буюмдар, көз кубанткан кооз таарлар, саймалар, чийлер о.э.кийимдердин кооз жасалгалары чоң кызыгууну пайда кылат.